21.12.2018 12:32

КСДП: УКМК элдин башын айлантып жатат, тергөөдө Сапар Исаковду күнөөлөй турган далилдер жок

КСДП: УКМК элдин башын айлантып жатат, тергөөдө Сапар Исаковду күнөөлөй турган далилдер жок

УКМК Сапар Исаковдун иши боюнча фактыларды атайылап бурмалап, калктын башын айлантууга аракет кылып жатат. Бул туурасында КСДПнын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.

«УКМК ЖЭБди модернизациялоо жана андагы «кесепети миңдеген шаардыктарга тийген» кыйроо  кандайдыр бир даражада өз ара байланышкан жана мында Исаков күнөөлүү деп билдирүү  менен  адамдарды алдоодо. Бирок Бишкек ЖЭБдеги кыйроо анын эски бөлүгүндө болгону парламенттик комиссия тарабынан да, башка компетенттүү органдар тарабынан да аныкталган», -деп билдиришет мурунку өкмөт башчынын партиялаштары.  

Бул жерде кимдин жеке күнөөсү бар, аны учурда Биринчи Май райондук соту териштирүүдө, бирок Сапар Исаков бул соттон соттолуучу катары да, алтургай, күбө катары да өтпөйт. Кыйроого анын эч кандай тиешеси  жок, ага мындай айып тагылган да эмес. Учурдагы жагдайда УКМКнын билдирүүсү кыйроо боюнча  өтүп жаткан сотко түздөн түз кысым көрсөтүү катары бааланышы  мүмкүн.  ЖЭБди  модернизациялоо  менен кыйроону чогуу үйүп кароо  - бул  жөн эле Кыргызстандын  калкынын башын айландырууга болгон аракет.

«Мындай билдирүүлөр июнь айында Сапар Исаковго тагылган айыптын саясый жактан  жүйөлөштүрүлгөнүн тастыктап  турат. УКМКнын СИЗОсунда отурган мезгилден бери мурдагы премьер- министр менен бир жолу да кандайдыр бир тергөө амалдары  жүргүзүлгөн эмес.  Бул бир  гана нерсени айтып турат - тергөөдө Сапар Исаковду күнөөлөй турган далилдер жок», -дешет КСДПдан. 

Эскерте кетсек, 18-декабрда Бишкек шаардык сотунда Сапар Исаковдун баш коргоо чарасы каралып,  анда Исаков өзүнүн иши тууралуу билдирүү жасаган.

Мурунку өкмөт башчынын айтканы элге тараган соң, УКМК буга байланыштуу жооп берген. Анда «Сапар Исаков ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш иши боюнча камакта. Быйылкы жылдын башындагы кышта миңдеген шаардыктар анын кесепетин тартышты. Бүгүнкү күндө тергөө иштери мыйзамдын негизинде жүрүүдө жана бардык чечимдер сот органдарынын чыгарган жыйынтыгы менен кабыл алынууда. Тергөөнүн негизинде С.Исаковдун коррупциялык жосундарына төгүндөлбөй турган далилдер алынды. Муну менен катар Исаковдун башка дагы коррупциялык схемаларга катыштыгы бар экендигине далилдер бар. Бул фактылар боюнча текшерүүлөр башталды», -деп жазылган.